Сокулукта даракка асылган кыз жана баланын жансыз денеси табылды

292

Сокулук районунда даракка асылган эки адамдын жансыз денеси табылды. Кош өлүмдүн себептерин Чүй облустук милициясы иликтеп жатат.

25-май күнү Сокулук районунун РИИБ нын нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү жашоочулардан билдирүү түшкөн. Катталган  факт боюнча Сокулук районунун РИИБнын ыкчам тергөө тобу барган кезде айылдын четинде даракта эки жаш адамдардын жансыз денеси табылган.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктарды каттоо бирликтүү реесторуна катталды.

Каза болгондор Сокулук районунун жашоочусу 19 жаштагы эркек бала жана Нарын областынын Кочкор районунун тургуну 16 жаштагы кыз болгон.

Учурда сотко чейинки иштер жүргүлүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь