Сүйүнчү! Кыргызстандын хоккейчилери биринчи жолу Дүйнө чемпионатына катышат

262

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы биринчи жолу Дүйнө чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов билдирди.

Анын айтымында, Братислава шаарында Эл аралык хоккей федерациясынын конгресси өткөн. Бириккен Араб Эмиратында болгон квалификациялык турнирдеги чыр боюнча териштирүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча Эл аралык хоккей федерациясы Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарды.

Оморкановдун пикиринде, бул маселеде Эл аралык хоккей федерациясынын дагы Кыргызстандын дагы катасы бар, ошондуктан кыргыз хоккейчилери үчүнчү эмес, төртүнчү дивизиондо Дүйнө биринчилигине катышат.

2020-жылы Дүйнө чемпионаты Бишкек шаарында 2 – 8-мартта өтөт. Ага Кувейт, Малайзия жана Филиппиндин курама командалары катышат. Бул турнирдин жеңүүчүсү кийинки этапка өтүп, Дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионуна чыгат.

Мындан тышкары, Кыргызстан 2022-жылы өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн квалификациялык турнирине катышат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь