Төрт күн иштеген жумушчулар эс тутуму жакшырып сергек болот

79

Окумуштуулар 4 күндүк иш убактысы адамдарды бактылуу жана ден-соолугу чың кылаарын далилдешти деп жазат. The Sun басылмасы « Кыскартылган иш мөөнөтү организмдеги зыяндуу көмүр кычкыл газынын аз болуусун камсыздайт. Жумушчулардын аң сезимин жакшыртып, сергек кылып, эс тутуму жакшырат », – дейт дарыгер изилдөөчүлөрдүн бири.

Эйдан Харпер Изилдөөчүлөр тобу 50 сааттан 60 саатка чейинки жумушчу абал адамды психикалык жана физикалык жактан чарчатып, өнөкөт ооруларга чалдыктырат. Серепчилер, көп убакыт иштегендер айлана чөйрөнү бузууга да таасирин тийгизээрин далилдешкен.

Кантип? Швециянын Чалмерса Техгологиялык университетинин окумуштуулары 4 күндүк иштөө убактысы 16%га чейин бизди курчап турган айлана-чөйрөнү жана абаны сактап калууга мүмкүн болот. Экологияга зыян келтире турган авто унааны пайдалануу азаят. Кеңседе электр жарыгын сарптоо аз болот дешет. Сурамжылоонун жыйынтыгында дүйнөдө 60 % адам 4 күндүк иш аткарууну колдойт. Жума же ишемби күндү кошууну каалгандар – 10%ы иштермандар, калган 30%ы жумуш берүүчүлөр болуп чыккан. Британиянын элинин 10%ы эс алуу мөөнөтүн узартып берсе айлык акынын кыскарышына деле макул экендигин билдиришкен.

Жаны Зеландияда каржы кызматын көрсөткөн Perpetual Guardian – компаниясы 2018- жылдын ноябрь айында өзүнүн 240 жумушчусун 5 күндүк жумуштан 4 күндүккө которгон. Изилдөөнүн жыйыныгында компаниянын жумушчуларынын 20%ынын ишмердүүлүгү эбегейсиз жогорулаганы аныкталган. « Бостон университинин социология илиминин профессору Джульет Шор 40 тан 30 саатка чейин кыскартылган мөөнөттө жумуш аткарган өлкөлөрдө экономикалык жана социалдык жактан өнүгүү тез болоорун аныктап чыккан. Жумушчунун иштөө мөөнөтү кыскартылган өлкөдө медициналык жардамга муктаж болгон адамдардын саны да кыскарган. Сиз да жумасына 4 күн иштегиниз келеби?

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь