Таиландда уктаар алдында телефонун кубаттагычка сайып жаткан кишини ток уруп каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматтарга караганда, окуя Таиланддагы Накхонратчасима шаарында болгон. Шаардын туругун өзү жаткан керебеттин баш жагына телефонун кубаттагычка сайып уктап калган. Ошол учурда уктап жаткан кишини ток уруп каза болгон. Окуя болгондон кийин маркумдун тууганы келип, үйгө кире албай турган. Сыртта көп күтүп калган жаран эшикти сындырып үйгө киргенде тууганын колу күйгөн абалда керебетте жатканын көргөн. Жанына барганда маркум колуна телефонун кармап турганын байкаган.
Каза болгон жаранга тийиштүү экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы маркум тууганы келерден 5 саат мурда каза болгону такталган.