Ал өзүнүн фейсбук баракчасына компаниядан алган маянасын кайтарып берген сүрөттү жарыялады. Буга чейин пример министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев жана уулу Иманкадыр уулу Эрназар КТ Мобайл” компаниясы “иштебей жатып көп маяна алган”- деп коомчулукта чуу жараткан.
“Компаниядан маяна катары алган 787 миң сомду кайтарып бергеним туура деп ойлойм. Бул кадамым жана компаниядан кетишим “Салам” долбоорунун саясатташуу деңгээлин төмөндөтүп, ийгиликтүү ишке ашат деп үмүттөнөм. Кыргыз мамлекетине өзүнүн улуттук уюлдук оператору керек деп ишенем”, – дейт ал.
Ал беш ай ичинде 787 миң сом айлык алган. Айына 157 миң сомдон айланган. Эске салсак Жогорку Кеңеште “КТ Мобайл” компаниясында эң көп айлыкты Эрназар Иманкадыр уулу алганы айтылган. Коомчулукта сын-пикирлер айтылган соң ал 16-майда кызматтан кеткен.