Германияда чакан айылдын жашоочусу 100 жаштагы Лисел Хайс алгачкы жолу шаардык кеңешке шайланды. Сууда сүзүүнү өтө жактырган Хайс аймактагы бассейнди калыбына келтирүү үчүн саясатка баруунун чечкен.

Саясатка аралашууга эч качан кеч эмес. 100 жаштагы мугалим Лисел Хайс бул ой менен Германиянын Рейнланд-Пфалз штатындагы 8 миң калкы бар Кирчхеймболанден шаардык кеңешине шайланды.
Brexitке каршы чыгып, Макронду жактайт
Кирчхеймболандендеги жергиликтүү шайлоонун алдында сүйлөгөн сөзүндө жашына байланыштуу сындарга “Саясат гуманизмден капитализми көздөй өнүгүүнү көрсөттү”,-деген.

Ошол эле мезгилде Бириккен королдуктун Европа биримдигинен чыгуу процессине (Brexit) каршы пикирин айтып, ЕБдин биригүүсүн колдогон Франциянын президенти Эмануэль Макронду жактаарын айтты.

Өзүнүн пландары тууралуу айткандарында жабылган бассейнди калыбына келтирүү, балдар үчүн аянтча, жаштар үчүн клуб ачуу анын алгачкы жумушу болорун кошумчалады.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: