Дүйнөнү башкарат делген топтун жашыруун жыйыны

171

Швейцариядагы беш жылдыздуу мейманканада белгилүү жана талаштуу Билдерберг клубу (Bilderberg Group) төрт күндүк жыйынын баштады.

Дүйнөнүн бизнес, финансы, илим жана медиа тармагынын алдыңкы 130 өкүлү жыйынга чакырылган. Алардын арасында бир дагы журналист жок. Ошондуктан бул конференцияда эмне сөз болгонун эч жерде окуй албайсыз.

“Дүйнөнүн элитасы”

Америкадан президент Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер, “Майкрасофт” компаниясынын башчысы Сатья Наделла, “Гуглдун” төрагасы Эрик Шмидт жана АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинжер сыяктуу адамдар барды.

Башка мамлекеттерден дагы жөнөкөй кишилер барган жок. Жыйынга бир гана таанымал ишкерлер же карьерасынын чокусундагы лидерлер чакырылат деген ой жаңылыштык.

1991-жылы Билл Клинтон катардагы саясатчы болуп турганда эле жыйынга чакырышкан. Бир жылдан кийин ал АКШнын президенти болуп шайланган.

Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр Лейбористтик партиянын лидери катары шайлана электе, 1993-жылы клубдун чогулушуна катышкан. Бир жылдан кийин Блэр партиянын башчысы катары шайланып, үч жылдан кийин Британияны башкарып калган.

Дипломатиябы же конспирациябы?

Билдерберг клубу дүйнөлүк элитага орчундуу көйгөйлөрдү талкулап алууга платформа катары аташат. Бирок бул топко карата сын айткандар, клубдун өкүлдөрү глобалдык демократияны тебелеп, өз кызыкчылыгын коргоо үчүн бири-бирине көмөктөшөт дешүүдө.

Конспирация теорияларында клубдун өкүлдөрү дүйнөлүк финансалык кризисти атайын уюштурушкан деп айтылат.

АКШдагы теле программанын алып баруучулардын бири Алекс Жоунз клубдун өкүлдөрүнө кайрылып: “Силер таш боор экениңерди билебиз. Сиздер бузуку экениңерди билебиз. Силердин каардуу кубатыңарды аргасыз урматтайбыз”,-деп айтты.

Согуштан кийин жаралган клуб

Билдерберг клубунун тарыхына кылчайсак, топко карата айтылган сындарды түшүнсө болот.

Клубдун биринчи жыйыны 1954-жылы болгон. Анда АКШ менен Европа мамлекеттеринин мамилесин оңдоп, дагы бир дүйнөлүк согушту алдын алуу маселеси көтөрүлгөн.

Клубдун методологиясы жана анда көтөрүлгөн көйгөйлөр, айтылган сөздөр жашыруун кармалат.

Алардын жыйынына бир дагы журналист чакырыла элек. Ал эми алардын интернет баракчасында маалымат дээрлик жок, 1990-жылдан бери жаңыланбай келген сайтка окшош.

Сүйлөшүүгө платформа

Көптөр клубдун ишмердүүлүгүн сындаганы менен, топтун өкүлдөрүнүн талкуусу дүйнө калкынын кызыкчылыгында дегендер дагы бар.

Британияда жайгашкан The Times гезитинин кабарчысы Дэвид Аронович клубка карата конспирация теориялары “күлкү келтирерлик” деп баалады.

“Клубдун жыйынын чириген байлар менен таасирдүү адамдардын чогуу тамактануусу десек болот”,-дейт ал.

Журналист Жон Ронсон Британиянын мурдагы Коргоо министри, 1970-жылдары өлкөнүн казынасын башкарган Денис Хили клубдун негиздөөчүлөрүнүн бири катары атаган. Журналист “Алар” аттуу китебинде Билдерберг клубу тууралуу баяндап, бейрасмий сүйлөшүүлөр абдан маанилүү деген тыянак чыгарат.

“Билдерберг эң пайдалуу эл аралык жыйын. Маалымат жашыруун сакталгандыктан, дүйнө лидерлери кесепетинен коркпой баарлашат”,-деп айткан экен Денис Хили журналист Жон Ронсонго берген маегинде.

Клубду колдогондор, жыйынга келгендер бири-бирине чындыкты айтып, айрым көйгөйлөр өзү эле чечилет деген пикирде.

Чыныгы таасир

Клубдун таасири жок деп дагы айтса болбойт.

Билдерберг клубунун таасири Дүйнөлүк экономикалык форумдан дагы жогору деген ой бар.

Клубдун жыйынын “чириген байлардын тамактануусу” деп карасак деле, чогулушка солчул, оңчул саясий элиталар, бизнес лидерлери катышып, төрт күн бою пикир алмашууда.

Айрым талдоочулардын айтымында, Билдерберг Батыш капитализмди, эркин соода идеясын жана Батыштын кызыкчылыгын дүйнөгө жайылтууну көздөйт.

Бирок Батыш деген абдан чоң аймак. Маселен, кээ бир америкалыктар Билдерберг клубу Европа Биримдигин жактап, Кошмо Штаттарынын эркиндигин, көз карандысыздыгын чектөөнү көздөйт деп кооптонушат. Ал эми айрым европалыктар клуб эркин соода аркылуу ашынган оңчуларды бийликке алып келүүнү максат койгон дешүүдө.

Билдерберг башаламан дүйнөгө ырааттуулук алып келүүнү көздөсө дагы, клуб жашыруун болгондуктан ар түрдүү сөздөр айтылып, теориялар, конспирация теориялар пайда болуп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь