Бишкекте 1-июндан баштап 5-14-троллейбустардын каттамы өзгөрөт. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, транспорт каражаттарынын каттамдарынын убактылуу өзгөрүшү Жайыл баатыр көчөсүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу болууда. Жолду оңдоо иштери 15-июнга чейин уланат. Анда Жайыл баатыр көчөсүнүн Тыналиев менен Садырбаевге чейинки бөлүгү оңдолот.
№5 троллейбус Ажыбек көчөсү менен “Тунгуч — “Аэрофлот” агенттиги тарапка каттайт.