«Бюджеттин аткарылбай жатышы, пландын толбой жатышы Өкмөттүн отставкасына алып келет…» Бул тууралуу ЖКнын депутаты, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.
Анын айтымында, бир ай мурун эле парламент Премьер-министрдин бир жылдык отчетун кабыл алып, ага канааттандыраарлык деген баа берилген. Бирок, быйылкы жылдын алгачкы кварталындагы бюджеттин аткарылышында маселелер жаралып жатат.
«Өкмөт контробанданын күч алып, бүгүн чек арадан буудай, ун, күйүүчү майлоочу каражаттар, ал тургай көмүр дагы расмий эмес жол менен ташылып, мунун айынан бюджетке келе турган акчалар сол чөнтөктөргө кетип жатат. Демек, өкмөт бажы, чек ара, салык тармактарындагы кемчиликтерди жоюп, катуу карашы керек болчу. Тилекке каршы, андай аракеттерди азыр мен байкабай жатам. Эгер абал ушундай боло бере турган болсо анда бул премьердин жоопкерчилигин кароого же отставкага алып келет»,-деди ал.
Булак: informator.kg