74 аскер кызматкери өмүр бою эркинен ажыратылды

94

Түркияда 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетине катышкандыгы үчүн 74 аскер кызматкери өмүр бою эркинен ажыратылды. Алардын 56 сы жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абактарда өткөрүшөт. Бул тууралуу Anadolu агенттиги кабарлады.

Жалпысынан Анкарада мамлекеттик төңкөрүш аракетине байланышкан иштер боюнча шектүү катары 152 адам өтүүдө. 31 иш боюнча актоо өкүмү чыккан.

Соттун маалыматына караганда, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылгандар Түркиянын Башкы штабынын мурдагы башчысы Хулуси Акарды барымтага алып, Акынжи авиабазасынан түрк премьер-министринин резиденциясына жеткиришкен. Аны учагы менен алып барган учкуч Угур Капан 29 өмүр бою эркинен ажыратылды (жалпысынан 4000 жыл).

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь