Бүгүн “Бишкек – Кара-Балта” поезди бир күнгө убактылуу токтотулат

241

Бүгүн, 1-июнда жүргүнчүлөрдү ташыган “Бишкек – Кара-Балта” поезди бир күнгө  токтотулат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Оңдоо иштерине байланыштуу №6059/6060 жана №6061/6062 “Бишкек – Кара-Балта” поезди убактылуу токтотулат. Ал эми 2-июндан тарта аталган поезд каттамы белгиленген тартип боюнча иштей баштайт.

Мекемеден билдиришкендей, 1-июндан тартып Ала-Тоо (Сокулук району) жаңы конушунда (Бишкек-I жана Сокулук бекеттеринин ортосунда) поезд токтоочу жайы ачылды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь