Бүгүн 2-июнга караган түнү Испаниянын Мадрид шаарында Чемпиондор Лигасынын финалы орун алат. Финалдык оюнда Англиянын “Тоттенхэм” менен “Ливерпуль” клубдары беттешет.
Жарым финалда “Ливерпуль” Испаниянын “Барселона” клубун утуп алса, “Тоттенхэм” Голландиянын “Аякс” клубун жеңген. “Тоттенхэм” өз тарыхында алгачки ирет Европанын башкы мелдешинин финалына чыкты. “Ливерпуль” болсо Чемпиондор Лигасынын 5 жолку жеңүүчүсү.
Финалдык оюн “Ванда Метрополитано” стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча 1:00дө башталат.