Интернет тармактарда жылкыны жыгып, анын мурдуна тирүү жыланды соймолоткон видео чыкты. Тартып жаткан адамдын берген комментарийине караганда жыландын узундугу бир метр. Бул видеону көргөн социалдык тармактын колдонуучулары жаныбарга карата катаал мамиле деп сыпатташып, мыкаачыларга чара көрүлүшү керектигин жазышууда.