ВИДЕО: Түркмөнстандын президенти Медведевге алабай белек кылды

235

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевге алабайдын күчүгүн белек кылды.

Күчүк чочубастан Медведевге келип, ал сылагандан кийин килемдин үстүнө жатып алган. Муну көргөн Бердымухамедов “ээсин тапты окшойт” деп тамашалады.

Ашхабадда иш сапары менен жүргөн Медведев Бердымухамедовго жооп катары 1939-жылы чыккан “Түркмөнстандын архитектуралык эстеликтери” аттуу раритет китепти тартуулады.

“Карасаңыз бул Москва-Ашхабадда 39-жылы чыгарылган. Демек, бул эки тилдеги тарыхый китеп сиздин китеп текчеңизден орун алат”- деди Медведев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь