Кыргызстанда ымыркайларга кандай ысымдар көп коюлат? Эң популярдуусу аныкталды

458

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, быйылкы төрт айда 56 миң 525 балага туулганы тууралуу күбөлүк берип, катталды.

Бул өткөн жылкы ушул убакка салыштырмалуу 2,9% көп. Өткөн жылдын январь-апрель айларында 54 миң 892 наристе туулган. Мамлекеттик каттоо кызматы ымыркайларга коюлган ысымдарды да талдап көргөн. Ага ылайык, үч жыл бою катары менен уул балага Умар, кыз балага Раяна деген атты көп коюшкан.

Балдарга ат коюуда популярдуу ысымдардын тизмеси:

 

  • Умар (1 238);
  • Алинур (931);
  • Билал (619);
  • Алихан (618);
  • Али (615);
  • Нурислам (536);
  • Амир (619);
  • Рамазан (465);
  • Эмир (419).

Кыздарга ат коюуда популярдуу ысымдардын тизмеси:

  • Раяна (857);
  • Амина (706);
  • Алия (591);
  • Фатима (587);
  • Айлин (577);
  • Арууке (545);
  • Аруузат (510);
  • Салиха (463);
  • Акбийке (455).

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь