Раим Матраимовдун агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун кан басымы көтөрүлүп, ооруканага түштү. Бул туурасында жергиликтүү басылмалар жазууда.
«Үчүнчү күн болду, кан басымым бир көтөрүлүп, бир түшүп ооруканадамын. Азырынча эч нерсе айтып бере албайм. Тамчылатма дары алып жатам», – деген Искендер Матраимов. Депутат ошондой эле кийинчерээк коомчулук кызыгып жаткан суроолордун баарына жооп берерин билдирген.
Эске салсак, 29-майда «Азаттык» Кыргызстандан чыгарылып кетти делген 700 млн. доллар тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда бул ишке Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар экени айтылган.