Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши сотко өттү

111

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

«Дүйшөнбек Зилалиевге 2010-жылдан 2017-жылга чейин мамлекеттик түзүмдөрдө ар кандай жетекчилик кызматты аркалап жүргөндө, анын расмий кирешесинен көп болгон мүлккө ээ болгон деген айып тагылууда», -деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Мындан улам ага карата “мыйзамсыз баюу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат. Зилалиев өзүнө тагылган айыпты четке кагып, “мыйзамсыз түрдө камалганын айтып келет.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь