Мухаммедкалый Абылгазиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды

211

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө  Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды. Өкмөт башчы медициналык мекемеде дарыланып жаткан балдарды майрамы менен куттуктады.

Премьер-министр дарылануудагы кичинекей бейтаптардын бөлмөлөрүн кыдырып, перинаталдык мезгил патологиясы бөлүмүнүн, бет-жаак ортодонтиялык реанимация бөлүмүнүн жана балдар хирургиясынын курулушу аяктай элек блогунун абалы менен таанышты.

Мухаммедкалый Абылгазиев мекеменин учурдагы маселелерин чечүү үчүн 300 миң сомго сертификат берип, кардиохирургиялык блоктун курулушун аяктоо жана аны тиешелүү жабдыктар менен жабдуу үчүн зарыл чаралар көрүлөрүн баса белгиледи.

Маалымдама: Эне жана баланы коргоо улуттук борбору 579 орунга эсептелген. Жыл сайын борбордо бүтүндөй республикадан 75 миңге жакын бала амбулатордук дарылануудан жана текшерүүдөн өтөт, 27,5 миң бала стацонардык дарылануудан өтөт. Борбордо 1119 кызматкер иштейт.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь