29-31-май күндөрү Канаданын борбор калаасы Оттава шаарында “Ачык өкмөт” өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин Глобалдык саммити болуп өттү. Ага дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн 2000ден ашуун делегация барды. Ал эми Кыргызстандан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева баштаган парламенттин, Өкмөттүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ал эми саммиттин алкагында Аида Касымалиева АКШнын экс-президенти Барак Обама менен жолугушканын өзүнүн инстаграм баракчасына жазды.

” Барак мырза мен күткөндөн алда канча кызыктуу, кыйын инсан экен. Бөлмөгө кофесин көтөрүп алып, акырын басып кирип, дароо баарыбызга атыбызды айтып, өмүр бою ар бирибизди билгендей сезим калтырды. Бир саат кантип өткөнүн деле сезбей калдым. Айтор, эмоция көп!

View this post on Instagram

Барак Обама менен жолугушуудан жаңы эле чыгып, сиздер менен бөлүшүп коеюн дедим. АКШнын экс-президенти азыр Оттава, Канадада өтүп жаткан Ачык Өкмөт Өнөктөштүгү глобалдык саммиттин алкагында Аргентина, Эстония, Украина, Кения, Ооганстан, Канададан келген жаш лидерлер менен жолугуп, баарлаштык. Барак мырза мен күткөндөн алда канча кызыктуу, кыйын инсан экен. Бөлмөгө кофесин көтөрүп алып, акырын басып кирип, дароо баарыбызга атыбызды айтып, өмүр бою ар бирибизди билгендей сезим калтырды. Бир саат кантип өткөнүн деле сезбей калдым. Айтор, эмоция көп! Канадада өтүп жаткан саммитте дүйнө жүзү боюнча тандалып алынган лидер аялдар тууралуу тасманын бет ачары болуп, анда сөз сүйлөдүм (тасмага мен да тартылган элем). Жакынкы күндөрү ачык парламент боюнча биздин Жогорку Кеңештеги жумушчу тобубуз иштеп чыккан кадамдарды парламентте талкуулайбыз. Баарыңыздарды бүгүнкү балдарды коргоо күнү менен куттуктап, #аидакасымалиева Встретилась с Барак Обама, экс-президентом США, в рамках глобального саммита #OGP – Партнерства Открытого Правительства, который проходит в эти дни в Оттаве, Канаде. Вместе с другими молодыми лидерами из Украины, Канады, Кении, Аргентины, Эстонии, Афганистана, которые реализуют в своих странах проекты по открытости гос управления, обсудили вызовы, которые есть во всех странах. Час разговора пролетел незаметно. Барак Обама – харизматичный, спокойный и не спокойный одновременно, внимательный, вдумчивый, запоминающий имена людей мгновенно, очень живой и в жизни лучше, чем я его представляла. Он видит Личность в человеке, аппелирует к достоинству человека, пробуждает самые хорошие качества – вот что я увидела. И, безусловно, он – историческая личность. На саммите был презентован фильм о женщинах лидерах по всему миру и о стереотипы, которые надо разбивать. Я – одна из героинь фильма https://youtu.be/EvZ8i0LA5Fs Для меня было честью представлять Кыргызскую Республику на саммите и рассказать о наших шагах по Открытому Парламенту #АчыкПарламент, который мы на днях представим в парламенте. Спасибо рабочей группе в ЖК, и всем членам, которые активно участвовали в разработке шагов. Поздравляю всех вас с днем защиты детей! С уважением, #AidaKasymalieva

A post shared by Aida Kasymalieva (@a_kasymalieva) on

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: