“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун жаштар канатынын лидери кармалды

201

“Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун санкциясынын негизинде милиция кызматкерлери, “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун жаштар канатынын лидери болгон Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 29 жаштагы М.у.Т. аттуу тургунунун үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Шектелүүчүнүн үйүн тинтүүдө 4 уюлдук телефон, кол жазмалар, дисктер, ок атуучу куралдын бөлүктөрү жан ок-дары табылган.

Ошол эле күнү, ал жаран Бишкек шаарына жеткирилип, тергөө органдары тарабынан кармалган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь