42 жаштагы Кирк Ленелл Смит өткөн шаршембиде 29- май күнү АКШнын Огайо штатында, тез жардам унаасынын ичинде Цинциннати шаардык соту тарабынан койулган айыптарды толугу менен мойнуна алды.

Бул тууралуу Day.Az басылмасы жазып чыкты. Өтүшүп кеткен ашыкча салмактуулуктан жабыркаган кылмышка шектүү баңгизатты мыйзамсыз ташуу жана аны сатуу боюнча, уруксаатсыз курал жарактарды колдонуу боюнча тагылган айыпты мойнуна алган.

Соттук териштирүү иштери соңуна чыкканча Смит организмдеги кычкылтектин деңгээлин текшерүүчү жана кан айланууну жакшырткан медициналык шаймандарга унаанын ичинде туташкан бойдон отурган. Сот кылмышкердин ден-соолугунун кескин начарлап кеткенинен улам анын акыркы сөзүн уга алган жок.

Смит 2 жыл эркинен ажыратылды. Цинциннати шаарынын соту Том Хикин билдиргендей, Кирк Смит ашыкча салмак менен жабыр тарткандыктан, ага карата чыккан соттун өкүмүн медициналык тез жардам унаасынын ичинде чыгарууга туура келген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: