Бишкекте быйыл ысык суу пландалган мөөнөтүнөн эки күн мурда берилет. Тагыраагы, 4-июнда шаар ичине ысык суу берүү боюнча тийиштүү буйрукка мэр кол койду. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан билдиришти.

Шаарга ысык сууну толугу менен берүүгө үч күн убакыт талап кылынат. Алгач бала бакча, оорукана сыяктуу социалдык маанилүү объектилерге берилет.

Эске салсак, Бишкекте 6-майдан бери суу түтүктөрүн кышкы мезгилге даярдоо максатында оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыктан ысык суу убактылуу өчүрүлгөн.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: