Бишкекте эл аралык издөө жүргөн Түркиялык жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдиришти.
Маалыматка караганда, ИИМге чет элдик жаран ички иштер органдарынан качып, Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Анын жасалма документ менен Европага чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар экени да айтылат.
«35 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Ал Түркияда оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Соттун чечими менен шектүү № 1 тергөө абагына киргизилди», -деп жазылат билдирүүдө.