11-жаштагы Фред аттуу лабрадор, жашоосунда экинчи жолу жетим калган өрдөктөрдү багып алып отурат. Ал былтыр энеси жоголуп кеткен 9 өрдөктү багып чоңойткон. Алар аман эсен чоңоюп учуп кетишкен. Эми Фред көнгөн адатынча 6 кичинекей өрдөктү асырап алып, мээримдүү ата болууда.
Фред Англиянын Маунтфитчет сепилинде жашайт. Бул жерде миң жыл мурда жыгачтан салынган сарай бар. Сепилдин директору Джереми Голдсмит: “Фреддин мүнөзү өтө жумшак камкор ата. Ал атанын ролунда өзүн сууда жүргөн өрдөктөй эле сезет ”- дейт.
Өрдөктөрдүн апасы, мускус өрдөгү башка 6 баласын ээрчитип кетип калганда, калган 6 сы ээн сепилде кароосуз калган. Үшүп калган чымчыктарды ит көрөөрү менен аларды бооруна тартып жылыта баштаган. Кийинчерээк Фреддин үстүнө чыгып отуруп алууну алар адатка айлантышты. Голдсмит айткандай, ит дароо эле ата- энелик милдетти мойнуна алган. Чымчыктар да өздөрүнө окшобогон таң калыштуу энеси менен 10 мүнөткө жетпеген убакытта эле көнүшүп кетишкен.