Өткөн аптада “Азаттыкка” “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” деп аталган видеоматериал жарыяланган. Бүгүн, 3-июнда ал маалыматты “Калп, такталбаган” дешип “Дордой”, “Кара-Суу”, “Мадина” базарларынын өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүштү.
“Жалпыга маалымдоо каражаттарына “Өлкөдөн миллиондогон доллар акчалар чыгарылып кетти” деп чыккан калп маалыматтан кийин бизге карата текшерүүлөр күчөйт” деди ишкер Самат Абдурахманов.
Ал өз сөзүндө өлкөдөгү ишкерлер көбүнчө Кытайдан товар алдырарын, алар менен иштешүүдө экономика тармагында, ишкерликте туруктуулук маанилүү экенин белгиледи.
“Биз бир нече адам топтолуп Кытайга товар үчүн акча жөнөтүп турабыз. Жакшы иштешсек алар алдын ала товарды беришет, биз саткандан кийин акчасын кайтарабыз. Бирок ички рынокто мындай туруксуздук болуп жатат деген маалыматтарды таратсак, алардын бизге болгон ишеними солгундайт, ишибиз артка кетет. Ишкерлер төлөгөн салыкты эске алуу кажет”, – дешти алар.
Ал эми ишкерлер менен чогуу келген юрист Муса Бейшенов мындай маалыматтар такталып, 2 тараптуу иликтенип жарыяланышы керек болчу деген пикирде.
“Эми бул маалыматтын алкагында ишкерлерге карата текшерүү органдарынын текшерүүсү күчөйт. Бул алардын бизнесине тоскоолдук жаратат”, – деди ал. Өз учурунда “Өлкөдөн чыгарылган миллиондор” деген иликтөөнү даярдаган журналист алардын пикири менен макул эместигин, таза иштешсе маселе жаралбай турганын айтты. Ал эми бизнес өкүлдөрү текшерүүнүн өзү ишке тоскоолдук жарата турганын белгилешти.
Маалымат жыйынга “Дордой”, “Кара-Суу”, “Мадина” соода базарларынын өкүлдөрү катышып, журналисттерди маалымат таратууда кылдат болууга чакырды.
Булак : super.kg