Ош облусунун Кара-Суу районунда 13 жаштагы окуучу кыз үйүнүн короосунда асынып алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 27-май күнү Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл аймагынын Сүрөттүү-Таш айылында болгон. Кызды асынып турган жеринен анын ата-энеси көрүп, милицияга кабар берген.
Ал эми кыздын жакындары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тийиштүү иштер жүрүүдө.