Кытайдан Кыргыз милициясына 30 млн юанга техникалык жардам келди (сүрөт)

253

Бүгүн Кытай өкмөтү тарабынан Кыргыз милициясына 30 миллион юанга бааланган автобус, кичиавтобус жана брондолгон полициялык автоунаалар берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев тарабынан өздүк курамдын сырткы көрүнүшү, кызматы жана наамына жараша маалыматтардын ылайыктыгы боюнча кызматтык документтердин, күбөлүктөрдүн, жеке номурлар менен төш белгилердин, жетондордун бардыгы текшерилди.

Буга чейин Кашкар Жунушалиев Кытайдын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи менен 30 миллион юанга Кыргызстандын ИИМине материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө” протоколго кол койгон.

Берилген техникалык жабдыктар күч органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо, анын ичинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекеттеринин башчыларынын саммитин өткөрүү маалында кызмат өтөөнүн деңгээлин жогорулатуу үчүн орду чоң болору айтылат.

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь