Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финпол) ички иликтөөлөр жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Исламбек Матраимов кызматтан кетти.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 5-каналдын түз эфирдеги талкуусунда айтты.
” Иним (Исламбек Матраимов) Финполдон арызын жазып кетти. “Конфликт интересов” болбойт. Эгерде керек болсо мен төраганын орун басары болгон комитеттен да кетем“, — деди депутат.
Учурда Искендер Матраимов Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы иштөө боюнча комитеттин төрагасынын орун басары.
«Азаттык» 29-майда жарыялаган иликтөөдө мамлекеттен чыгарылып кеткен 700 миллион долларга Матраимовдордун ыктымалдуу катышы бар экени айтылган.