Мындый мыйзам бүгүн 3-июнь күнү Азербайжан мамлекетинде кабыл алынды. Мугалимдер эми сынактын негизинде каалаган окуу жайларда иштөө үчүн жумуш ордун өзгөртө алат.
Жергиликтүү Day.Az басылмасы билдиргендей, бул маалыматты мамлекеттик билим берүү министрлиги тараткан. Жумуш ордун бөлүштүрүү- конкурстун жүрүшүндө топтогон упайларга байланыштуу болот. Алгач электрондук каттоодон өткөн катышуучулар билим берүү жаатындагы кесипкөй жумушчулардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү институтуна чакырылат. Ар бир арыз берүүчүнүн өздүгү жана талабы каралып, тиешелүү чечим чыгарылат.