“Нурсултан Назарбаев” аэропортунан өрт чыкты

186

2-июнда Казакстандын «Нурсултан Назарбаев» аэропортунун унаа токтотуучу жайынан өрт чыкты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка карагнада, Нур-Султан убактысы боюнча саат 10дон 28 мүнөт өткөндө аэропорттун унаа токтотуучу жайындагы жеңил унаадан өрт чыккан. Кабар алган өрт өчүрүү кызматы окуя башталгандан 3 мүнөт өткөндөн кийин келип, тез аралыкта өчүрүп калууга жетишишкен.

Белгилей кетсек, тилсиз жоонун келип чыгуусуна унаадагы бензин насос зымдарынын тийишип калышы себеп болгон

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь