Ооруканада жаткан Текебаевден апасы келип кабар алды

254

Камактан ооруканага которулган Өмүрбек Текебаевге жолугуу үчүн апасы келди. Социалдык тармакта Тилла апа менен аны коштогон дагы бир уулунун сүрөтү жүктөлдү.

Эске салсак, 31-майда «Ата Мекен» партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган.

Маалым болгондой ал кан басымынын жогорулашына, жүрөктүн жана омуртка тутумунун иштөөсүнө байланыштуу диагноздор боюнча дарыланууда.

«Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь