Ош шаарында айт намазы адаттагыдай аянтта окулбайт

140

Ош шаарында 5-июнда Айт намазы борбордук аянтта окулбай турган болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдирди. Бул жолу Орозо айт намазы шаардагы мечиттерде окулат.

Мындай чечим муфтият тарабынан кабыл алынып, ага ылайык Бишкек шаарынан башка айыл-аймактарда айт намазы мечитте гана окуларын бекиткен.

Учурда Ош шаарынын 76 мечитинде Айт намазына даярдык жүрүп жатат. Эске салсак, буга чейин айт намаздары Ош шаарынын Борбордук аянтында окулуп келген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь