Пил 32 жыл мурда ага жакшы мамиле кылган адамды таанып, кучагына бекем кысты (видео)

366

Британиялык адам зоопарктан 30 жыл мурда карап чоңойткон пил менен жолугушту. Бул жолугушууну өзгөчө сезим менен көрүүгө болот. Глазго зоопаркында 1970-жылдан 1980-жылдар аралыгында жашап жаткан индиялык ургаачы пил Кирсти дароо эски досу Питер Адамсонду тааныды.

Адамсон шотландиянын зоопаркында, 1970-жылдары иштеп Кирсти менен абдан жылуу мамиледе болгон. 1987- жылы пилди башка аймакка көчүрүп кетишкен. Адамсон мурда камкордук менен багып чоңойткон пилдин азыр кайда экенин билген эмес. Кокустан эле ал мүмкүн Германияда болсо керек деген маалыматты угуп, артынан издеп барган. Алар жолуккан кезде, Адамсон Кирстини буттарынан, мурдунан сылап учурашкан. Пил дароо бей тааныш адамды тумшугу менен ороп алган.

Пил өтө жакын гана адамына мындай мамиле калаарын айтышат. Адамсон:«Албетте, мага өтө кызык болду чындап эле пилдер эч качан, эч нерсе унутпайт деген сөзгө ынандым. Ал мени кучагына алып, жакын адамындай туйганы мени толкундантты. Кирсти абдан акылдуу жаныбар катары өмүрүм өткөнчө жүрөгүмдө сактайм».

Зоологдордун айтымында пил эски досун анын үнүнөн тааныса керек. Шотландиялык адам эми Кирстиге тез -тез келип жолугуп турууну убада кылды. Кирсти 1967 жылы туулган. Ал 2005 жылдан ушул күнгө чейин Германиянын батышындагы Нойнкирхен зоопаркында жашайт

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь