Суусамырда 3 жашар бала дайынсыз жоголду

514

Суусамыр жайлоосунан 3 жашар бала дайынсыз жоголууда. Ал Көкөмерен дарыясына түшүп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Чүй облустук милиция башкармалыгынан кабарлашты.

Биринчи май айылында жоголгон бала тууралуу маалымат кечээ, 2-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында келип түшкөн. Жерине барган ыкчам-тергөө топ баланын атасы менен сүйлөшкөн. Маалым болгондой, алар үй-бүлөсү менен 1-июнь күнү жайлоого эс алууга чыгышкан. 2-июнда эртең мененки тамактануу учурунда баласын таппай калышкан. Бала Көкөмерен дарыясына түшүп кетиши мүмкүн экендиги айтылууда.

Учурда издөө иштери уланууда. Эми баланы издөө үчүн дрон керектелип жатканы маалым болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь