Улуттук Банктын төрагасы Кыргызстандан чыгарылып кеткен $700 млн тууралуу үн катты

96
Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов “Азаттыктын” иликтөөсүндөгү өлкөдөр чыгарылып кеткен 700 млн доллар боюнеча транзакция банктар аркылуу жүргүзүлгөнүн, мында эки тараптан: алуучу жана которуучу жак да кылдат текшерилерин айтты.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутат Кубанычбек Нурматовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Ал бул окуядагы бир канча жагдайга басым жасады.

“Транзакция банк аркылуу болгон. Бул деген өлкөдө банк системасы Бишкекте эле эмес, аймактарда да иштээрин, жарандар алыскы аймактардан да эл аралык которууларды жүргүзө алат дегендик. Бул жакшы көрүнүш.

Экинчиден, Кыргызстан көз карандысыз өлкө. Ошондуктан мыйзамсыз акчаларды адалдоого каршы бир канча милдеттерди өзүнө алат. Ага каршы ченемдер бар. Кардар акча которуу боюнча банкка кайрылса ал сөзсүз кылдат текшерилет. Бир да транзакция тастыкталган документсиз жүргүзүлбөйт. Келишим түзүлөт, которулган даректер көрсөтүлөт.

Эл аралык транзакция жүргүзүлгөн болсо демек, коммерциялык бакнтарда жана аны алуучу жактарда бардык текшерүүлөрдөн өттү”, — деди Толкунбек Абдыгулов.

Эгерде акчаларды адалдоо аракеттери болсо, анда төлөм блоктолот же кайра кайтарыларын Улуттук банктын башчысы кошумчалады.

Мыйзамсыз акчаларды адалдоого шек жаралса анда банк тиешелүү органдарга жиберет.

Мындай билдирүүлөр өлкө ичинде эле эмес, чет өлкөлөрдө да коомчулуктун көзөмөлдүндө болот. Ошондуктан, банк башчысы мындай билдирүүлөр өлкөнүн банк системасына сая кетирбеши керектигин айтты.

Депутат Кубанычбек Нурматов Матраимовдор тууралуу сөз болгондуктан бул боюнча иликтөө жүргүзүп, толук маалымат берүүнү өтүндү.

Булак: maralfm.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь