Уранды изилдөө жана иштетүү иштерине тыюу салынды

140

Радиоактивдүү элементтерди (уран) геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салынды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, мыйзамдык жөнгө салууга чейин, Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 2-майындагы № 3027-VI «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн радиоактивдүү элементтерди (уран) геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салынды.

Радиоактивдүү элементтердин (уран) калдык сактоочу жайларын жана кен калдыктарын рекультивациялоо боюнча иштерге тыюу салынбайт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь