Жогорку Кеӊештин депутаты Исхак Масалиев шайлоо учурунда мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинде мугалимдер менен дарыгерлердин айлык маянасын жана пенсияны көбөйтүүгө тыюу салууну сунуш кылды.
“Бүгүнкү күндө эӊ негизги административдик ресурс – шайлоо мезгилинде пенсияны, мугалимдер менен дарыгерлердин маянасын көтөрүү. Биз ушуга тыюу салалы деген сунуш киргизип жатабыз. Шайлоодо айлыкты көбөйтүүнү токтотуш керек. Ар бир президенттик шайлоону карасаӊар айлык көбөйөт. ал эми айлык болсо мамлекеттин акыбалына жараша көтөрүлө берет,”-деди эл өкүлү.
«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев жетектеген жумушчу топ иштеп чыккан. Аталган мыйзамды 25 депутат демилгелеп жатат.