«Ынтымак» телеканалынын кызматкери жол кырсыктан көз жумду

194

Ош шаарында Озгур айылына бара жаткан жолдо эки унаа сүзүшүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 1-июнь күнү болжолдуу саат 16:30 чамасында катталган. Анда Матиз унаасы менен Мерседес-Спринтер маршруттук такси сүзүшкөн. Матизде аял күйөөсү келе жаткан. Рулду башкарган айдоочу уктап кетип кырсыкка кабылган. Мындан улам эки унаадан 4 адам жабыркаган.

Алар ооруканага жеткирилип, алардын ичинен 32 жаштагы аял каза болгон. Жабыркагандардын аты-жөнү такталып, каза болгон аял “Ынтымак” телеканалынын кызматкери Замира Таштанбекова экени аныкталды. Анын жолдошу аман калган. Каза болгон аялдын артында 5 баласы калды.
Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, тергөө иштери башталды. 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь