Үйлөнгөнүнө 10 күн гана болгондо аялын катуу сабап салды (видео)

111

Өзбекстандын Самарканд облусундагы «SТV» телеканалы турмушка чыкканына 10 күн болгондон кийин күйөөсү тарабынан сабалган 30 жаштагы Зухра Умарова тууралуу сюжет көрсөттү.

Маалыматтарга караганда, сабалган келиндин күйөөсү балмуздак алып келүү үчүн эшикке чыгып, үйүнө мас абалда барган. Андан кийин ал аялын катуу сабап салган. Ал эми аялы эс-учун жоготуп, кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Зухра Умарова 18-майда турмушка чыккан. Жабыркаган келиндин апасынын айтымында кызы оор абалда болгон. Ал: «Оозунан кан кетип, башы жарылган. Ооруканада жатканына төрт күн болду, эч ким келген жок», – деди.

Келин кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгенден кийин, күйөөсүнө арыз жазуудан баш тарткан. Жалпыга маалымдоо каражаттарында маалым болгондой, укук коргоо органдары ага соттук медициналык экспертизадан өтпөй коюуга кеңеш беришкен. Соттук медициналык эскпертизадан өтүү ага кымбатка түшүп каларын айтышкан.

Ал эми жабыркаган келинди Самарканддын аялдар комитети өз көзөмөлүнө алды. Комитеттин өкүлдөрүнүн айтымында Зухранын ата-энелери кызынын күйөөсү спирт ичимдиктерине жакын болгонун билишкен. Жабырлануучу күйөөсүнүн экинчи аялы болгон. Алардын никеси катталган эмес. Ал эми никени жергиликтүү молдо кыйган. Молдонун айтымында аялын сабаган эркек кишинин биринчи аялы болгондугун билген эмес. Ал нике тууралуу күбөлүктү бир жумадан кийин алып барарын убадалаган.

Ал эми Зухра Умарованын күйөөсүнө кылмыш иши козголуп, териштирүү жүргүзүлүп жатат.

Булак: kalys.media

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь