Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү мамлекеттик органдарга өлкөнүн аймагына аткезчилик продукцияларды ташууга жол бербөө боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.
Өкмөт башчы аткезчилик продукцияны ташуудан мыйзам сактап иштеген ишкерлер зыян тартып жаткандыгын айтты. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке бир кыйла акча каражаттарынын түшпөй калуусу байкалууда. Мындан улам Абылгазиев тиешелүү кызматтагылардын шалаакылык мамилесин сындады.
” Бул ишке жооптуу айрым бир мамлекеттик органдар республикага аткезчилик ташууларды жоюу боюнча жетиштүү чараларды көрбөстөн, ачык эле «уктап жатышат». Бул маселеде коррупциялык көрүнүштөр жана түз кызматтык милдеттерин аткарууга шалаакы мамиле кылуу бар экендигин моюнга алуу керек. Буга укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн тиешеси бар экендиги өкүндүрөт.”
Өкмөт башчы баса белгилегендей, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери бул маселе боюнча жагдайды жөнгө салуу үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
«Эгерде кыска мөөнөттүн ичинде өлкөгө аткезчилик продукцияларын ташуу боюнча кырдаал жөнгө салынбаса, жооптуу адамдарга, анын ичинде тескөөчү вице-премьер-министрге карата ээлеген кызматына ылайык келүүсүн карап көргөнгө чейин тартиптик мүнөздөгү чаралар көрүлөт. Аткезчилик жүктөр темир жол аркылуу келет деген да маалымат бар. Ошондуктан бул фактылар ырасталса, «Кыргыз темир жолунун» жетекчилиги да жеке жоопкерчилик тартат», – деди ал.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аткезчилик продукцияларды ташууну көзөмөлдөөнү күчөтүү үчүн таасирдүү механизмдерди иштеп чыгууну жана ыкчам тартипте кабыл алууну тапшырды.