А.Батукаевдин иши боюнча ким сурак берип, кимдер камакка алынды? Хронология

101

Башкы прокуратура ИИМдин тергөө кызматына Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишине сотко чейинки өндүрүш иштерин уюштурууну тапшырган. Министрлик бул кылмыш ишке байланыштуу камакка алуу иштеринин хронологиясы.

1. Майдын башы

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Кыргыз илимий гематология борборунун Р.А., М.Э. (Эмиль Макимбетов) жана Ц.И. аттуу мурдагы кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелген. Акыркы экөөнө карата сот тарабынан камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.
А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Б.К. менен ЖАМКтын медициналык жумушчулары А.А., Ф.А. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми Б.К. жана А.А.га карата сот тарабынан сыртка чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы, А.Ф. аттуу жаранга карата эки айга камакка алуу чарасы тандалган.

2. 15-май

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри С.Д. (Динара Сагинбаева) менен ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. (Калыбек Качкыналиев) кармалган. Алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кийинчерээк сот тарабынан мурдагы саламаттыкты сактоо министри С.Д. үй камагына чыгаруу чечими менен боштулган.
Шектүүлөр коррупцияга, документтерди жасоого катышууга жана кызматтык жасалмачылыкка шектелүүдө.
3. 21-май
Кылмыш ишинин алкагында мурдагы ички иштер министри, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев дагы сурак берген.

4. 21-май

Экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов ИИМдинтергөө кызматына жеткирилип, сурак берген. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Ш.Атахановкармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

5. 30-май

Ошондой эле кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында органдарда жана жаза аткаруу тутумунун мекемесинде мыйзамдарды аткаруу үчүн мурунку атайын прокурор М.А. (Майрамбек Акматалиев) кармалып, ага карата сыртка чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

6. 3-июнь

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова суракка алынып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Булак: Говори.ТВ

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь