Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаевдин бөгөт чарасы каралды. Ага ылайык Арабаев 2-июлга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Тергөө абагында камакта калтырылды.
Арабаев чыгып бара жатканда аны көргөн сот имаратынын ичиндегилер каргап-шилеп, урганга чейин барышты.
Эске салсак, Манас Арабаев «Коррупция» беренеси боюнча шектелип, 2-июнь күнү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.