Ош эл аралык аэропортунун чатырынан аккан суу имараттын ичин каптады. Жеринен тартылган видеону күбөлөр социалдык тармакка жүктөдү. Бул боюнча “Манас” аэропортунун маалымат кызматы жооп берип, кесепетти катуу жааган жаанга байланыштырды.
“Кечээ, 3-июнда өлкөнүн түштүк аймагында катуу жамгыр жаады. Буга байланыштуу чатырдагы жаандын суусу аккан трубалар сынып, суу имараттын ичин каптаган. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз“, – деди басма сөз кызматкери.
Учурда абал жөнгө салынган.