Индияда күн катуу ысып, адамдар каза болду (видео)

120

Индиянын түндүк аймагында күндүзү абанын температурасы 50 градустан жогору ысык болууда. Акыркы үч күндөн берки аптаптуу ысык бир канча жергиликтүүлөрдүн өмүрүн алды. Чет элдик маалымат каражаттары маалымдагандай, жылда июнь айынын башында өлкөдө катуу жаан болушу керек эле, бирок быйыл кечигүүдө.

Мындан улам Раджастхан, Махараштра, Мадхья-Прадеш, Пенджаб, Харьяна и Уттар-Прадеш штаттарындагы ысыктын илеби бир жумага чейин кармалып туруусу күтүлүүдө.  Бийлик жашоочуларды өтө ысык маалда эшикке чыкпоого чакырды.

Көлмөлөр жана арыктар кургап, айрым шаарларда суу жетишсиз болууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь