Кыргыз Өкмөтү Сирияда жүргөн мекендештерди кайтаруу боюнча аракеттерди көрүп жатат. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, учурда чет жактагы жарандардын санын аныктоо жумуштары аягына чыгып калды.

Сириядагы кыргызстандык делген жарандардын өздүгүн аныктоо, алардын жашаган жерин тактоо, Кыргызстандын аймагына алып келүү боюнча иш-чараларды өткөрүү зарыл. Бул багытта Сириянын учурдагы абалын эске алуу менен комплекстүү аракеттер көрүлүүдө. Өкмөттүн буйругу менен курамына күч органдарынын кызматкерлери кирген ведомстволор аралык иштиктүү топ түзүлгөн.

Кечээ, 3-июнда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган өкмөт мүчөлөрү Ирактын жана Сириянын аймагындагы кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарууну тездетүү боюнча кеңешме өткөргөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин расмий маалыматына караганда, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашууну согуш талаасында каза тапкан. Ал эми расмий эмес маалыматтарга карганда кандуу согуш жүрүп жаткан өлкөгө 2000 миңден ашык адам кеткен.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: