“Реал Мадриддин” жарым коргоочусу жана “Алтын топ” сыйлыгынын ээси Лука Модрич Хорватияда “жылдын мыкты оюнчусу” наамын алды. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы жазып чыкты.
33 жаштагы хорватиялык футболист мыкты оюнчу деп 3-жолу катары менен сыйланууда. Жалпы жонунан алганда Модрич 7 жолу (2007, 2008, 2011, 2014, 2016, 2017-ж.) Хорватиянын мыктысы аталды.
Белгилей кетсек, бул наамга болгон сурамжылоо Хорватия чемпионатынын машыктыруучулары менен футболисттери арасында өткөрүлгөн.