Экс-башкы прокурор Аида Салянова кармалды. Бул тууралуу  жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевди «айыккыс ооруга чалдыкты» деп бошотуп жиберген факт боюнча 3-июнда кечинде 48 саатка кармалган.

Бүгүн  Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралат.

Эксерте кетсек, буга чейин Нарын облусунун прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиев кармалган, бирок керектүү көрсөтмө берген соң ал абактан бошотулуп, бөгөт чарасы катары анын өлкөдөн чыгышына тыюу салынды, деп айтылууда.

Мындай чечим 29-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кабыл алынган. Бөгөт чарасы 26-июнга чейин деп чектелди.

2013-жылы Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди «айыккыс ооруга чалдыкты» деп бошотуп жиберген. Майрамбек Акматалиев ошол учурда атайын прокурор болуп, Аида Салянова баш прокурор болуп иштеп турган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: