Муфтий Максатбек ажы Токтомушев орозо айтка байланыштуу талаштан улам элге кайрылуу жасады

201

Кыргызстанда Орозо айт 5-июнда белгиленет. Бул тууралуу Муфтий Максатбек ажы Токтомушев билдирди. Муфтий орозо туткан жарандарды орозосун бузбоого чакырат.

Урматтуу Кыргызстандагы мусулман бир туугандар, эже карындаштар! Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Австралия, Малайзия, Индонезия, Корея, Япония, Дагестан жана Кувейт, Египет, Иордания, Сирия сыяктуу араб мамлекеттеринде 5-июнда Айт майрамы белгиленет. Бүгүн, 4-июнь орозонун акыркы күнү жана бүгүн таңда ооз бекилет“, – деген муфтий.

Орозо айы 6-майда башталган. Айдын чыгышына карап, Сауд Арабия, Орусия, Түркия өңдүү мамлекеттер айтты 4-июнда белгилешет. Мындан улам кыргызстандыктардын арасында ача пикир жаралып, айрымдар орозосун ачып, айтты тосууга социалдык тармактар аркылуу чакырык таштап жатышат. Буга чейин да айт күнүнө байланыштуу ушул өңдүү талаштар чыккан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь