Нурбек Абасканов “Акнет” компаниясынын башчысы болуп шайланды

117

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Нурбек Абасканов “Акнет” ААКсынын башчысы болуп шайланды. Бул маалыматты “Кабар” агенттиги жазды.

Эскерте кетсек, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы “Акнет” компаниясынын эки негиздөөчүсүнүн ортосундагы чырдан кийин 5 кылмыш ишин козгогон.

Мындан мурдараак компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына кайрылган. Ал өнөктөштөрүн келип түшкөн каражатты аз көрсөтүү, ЖЧКдан акча чыгаруу, жалган келишимдерди түзүү жана башка айыптарга күнөөлөгөн. Андан кийин компаниянын президенти Кубан Ажимудинов кармалган. Учурда иш ИИМге берилген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь