Ош облустук милициясынан 28-апрелде Алай районунда ур-токмокко алынган үч дүлөй баланын иши кыскартылганын билдиришти. Буга тараптардын элдешип, жабырлануучулар тосмо арыз жазганы себеп болгон. Алар бул кадамын Орозо айында элдешүүнү туура көргөндүктөрү менен түшүндүрүштү.
«Эки тараптын элдешип алганына байланыштуу иш кыскартылды. Буга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген шектүү да эркиндикке чыгарылды»
Ош шаарында 4-июнда эки тарап элдешкендерин билдирип маалымат жыйын курушту. Алайдын тургундарынын бири Бектурган Баратпай уулу айылда бала уурдоо боюнча жалган маалымат тарагандан улам эмоцияга алдырып койгонун айтты. Мындан улам ал балдардан жана ата-энелеринен кечирим сурады.
28-апрелде Алай районундагы Корул айылынын тургундары үч дудук жигитти «бала уурдаган» деп айыптап, тепкиге алганы тууралуу видео Интернетте тараган. Кийинчерээк милиция ал жигиттер Орозо айына карата жылсанак сатканы барышканын, алар өз максатын түшүндүрө албай таяк жегенин маалымдаган.